15:44, 15 мая 2024, 24.kg

Кыргызстан менен Малайзия түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

«Учурда биздин өлкөлөр «Бишкек — Куала-Лумпур» багыты боюнча түз авиакаттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул биздин элдерибиздин жакындашуусуна жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда туристтерди алмашууга жардам берет», — деди бүгүн президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушууда.

Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстандагы тоо, экологиялык, этномаданий жана тарыхый туризм малайзиялык саякатчылардын кызыгуусун жаратышы мүмкүн.

«Малайзиялык авиакомпанияларга аба эркиндигинин бешинчи даражасын бир тараптуу берүүгө даяр экенибизди белгилегим келет. Бул Кыргызстандын эл аралык аэропортторун Европа өлкөлөрүнө учуу үчүн транзиттик пункт катары пайдаланууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18