14:49, 15 мая 2024, 24.kg

ӨКМ башчысы: Алдын ала жасаган жумуштарыбыз бизди куткарып чыкты

2024-жылы селдин көлөмү мурунку жылдарага караганда көбүрөөк болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Биздин даярдыгыбыз, алдын ала жасаган жумуштарыбыз бизди куткарып чыкты. Былтыр Сузак районунда жана Баткен облусунда бир нече үйлөр жараксыз абалга келген болсо, быйылкы жылы алардын эсеби кыйла аз. Азыркы учурда жарандык комиссия иштеп жатат, алардын санын тактап жатышат», — деди министр.

Ал үйлөрдү суу капташынын негизги себептерин атады. Анын айтымында, сел каналдары өтүүчү жерлерде курулган, ошондой эле арыктары тазаланбаган жана курулуш нормаларына жооп бербеген үйлөр жабыркаган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынан, жергиликтүү тургундардан, Жарандык коргонуу жана ӨКМ кызматкерлеринен 3 миң 710 адам, ошондой эле 317 атайын техника тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18