13:49, 15 мая 2024, 24.kg

Бишкекте апта аягында аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаашы күтүлөт

Синоптиктердин маалыматына ылайык, аптанын экинчи жарымында Бишкекте аба ырайы кайрадан кескин өзгөрүп, жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

16-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, +18 градуска чейин болот. Күндүз аба ырайы бузулуп, жамгыр жаайт, бирок +28 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

17-майда күн бою жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн + 14, күндүз + 28 градуска чейин жетет.

18-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт жана +14 градуска чейин болот. Күндүз жаан жаашы күтүлөт, аба ырайы +24 градуска чейин ысыйт.

19-майда Бишкекте күндүз да, түнкүсүн да маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн + 14, күндүз + 23 градуска чейин жетет.

20-21-майда туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18