10:52, 15 мая 2024, 24.kg

Алдамчылыкка шек саналган жаран кармалды. Унаа сатып алып, акчасын берген эмес

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кызыл-Жол» кварталынын 35 жаштагы тургунунун Opel Astra үлгүсүндөгү унаасын 140 миң сомго сатып алып, акчасын үч ай ичинде берүүнү убада кылып, изин жашырып кеткен.

Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Photo 330575

Шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 25 жаштагы М.Б. аттуу тургуну Бишкекте кармалып, Баткен шаарына алынып келди.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18