09:20, 15 мая 2024, 24.kg

Бишкектеги кесиптер жарманкесинде 4 миңден ашык бош орун сунушталат

Бишкектеги бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесинде 4 миңден ашык бош орун сунушталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.

Жарманке 16-майда Кыргыз Улуттук университетинде өтөт. Анда 40тан ашуун ири компания катышат. Жумуш издеген жарандар бош жумуш орундары, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер, окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө түшүнүк ала алышат.

Жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн алардын күчтүү жактарын жана жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер уюштурулат, бул алардын келечектеги кесибин тандоодо жардам берет.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18