17:16, 14 мая 2024, 24.kg

Сузакта 8 килограмм гашиш менен эки жаран кармалды

Сузакта баңгизат каражаттарын даярдап, аларды сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун аймагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«Натыйжада жалпы салмагы 8 килограмм 33 граммды түзгөн өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизатын сатып өткөрүп, мыйзамсыз аракеттерге барган А.И. жана Б.Э. аттуу жарандар аныкталган. Ошол эле күнү алынган баӊгизатка карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Photo 330509

Шектүүлөр бир айга убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18