16:49, 14 мая 2024, 24.kg

Жазуучу Олжобай Шакир беш жылга эркинен ажыратылды

Жазуучу Олжобай Шакир беш жылга эркинен ажыратылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине адвокат Акмат Алагушев билдирди.

Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Акмат Алагушев соттун чечимине каршы арыз берилерин белгиледи.

Эске салсак, Олжобай Шакир 2023-жылдын август айында кармалып, ошондон бери тергөө абагында отурат. Ал «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырган» деп айыпталууда. Камакка алынардын алдында жазуучу Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыккан.

Олжабай Шакирдин адвокаты иштин материалдарында айыптоо өкүмүн чыгарууга далилдер жок экенин билдирген. Прокурор жазуучуну коюлган бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратууну суранган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18