15:52, 14 мая 2024, 24.kg

Кыргызстанда жер көчкү коркунучу жогору 4,5 миңден ашуун аймак бар

Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу жогору 4 миң 557 участок бар. Анын 1 миң 180ден ашууну калктуу конуштарга коркунуч жаратат.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди. Министрдин айтымында, 3 миң 442 сел жүрүү кооптуулугу бар участоктун 1 миң 273ү эл жашаган аймактарга туура келет.

Табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу ишине токтолгон Ажикеев соңку 3 жылда 700дөн ашуун атайы техника жана 3 тик учак алынганын кошумчалады.

10-11-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүргөн. Дарыяларда жана сайларда суунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаа жолдорго кум-шагыл толуп калган. ӨКМ учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18