16:17, 13 мая 2024, 24.kg

Электр энергиясы кымбаттагандан кийин бюджетке 3,5 миллиард сом түшөт

Электр энергиясына болгон тариф көтөрүлгөндөн кийин бюджетке 3,5 миллиард сом түшөт. Бул тууралуу парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, каражат энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана таңкыстыкты жабууга жумшалат.

Министрдин орун басары Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы 11 тыйынга кымбаттаганын эскертти.

«Тариф көтөрүлгөндөн кийин майдан баштап кийинки жылдын апрель айына чейин бюджетке 3,5 миллиард сом түшөт деп эсептелди. Бүгүнкү күндө энергосектордогу тартыштык 9,3 миллиард сомду түзөт. Каражат аны жабууга жана өнүктүрүүгө жумшалат», — деди ал.

Ошондой эле Таалайбек Байгазиев Энергетика министрлиги жылуулук баасын көтөрүү маселесин карап жатканын кошумчалады. «Жылуулук энергиясы жаатында тарифтер аксап жатат. Июндан баштап теңдештирүү маселеси каралат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-майдан баштап бардык керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер 10,8 тыйынга кымабаттаган. Айына 700 киловатт сааттан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18