15:08, 13 мая 2024, 24.kg

Кыргызстандын региондорундагы социалдык кызматкерлер 13 миң сом маяна алышат

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева региондордогу социалдык кызматкерлер канча айлык аларын сурады.

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер 13 миң сом маяна алышарын айтты.

«Эмгек акы 2022-жылдын апрелинен баштап көтөрүлгөн. Мурда алар 6,5 миң сом алышчу. Социалдык кызматкерлер майыптарды жана кары-картаңдарды үйлөрүнө барып тейлешет. Балдар маселеси боюнча иштеп жаткан соцкызматкерлер жок», — деди Бакыт Тодогелдиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18