12:25, 13 мая 2024, 24.kg

Сириядагы куралдуу жаңжалга катышкан Кыргызстандын жараны Түркияда кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөнү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутканы үчүн 4-майда Түркияда Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кармалып, Кыргызстанга депортацияланды.

Photo 330362

«Ал 2015-жылдын ноябрында Сирияда «Жабхат-Ан-Нусра» эл аралык террористтик уюму тарабында куралдуу жаңжалга катышкан», — деп белгиледи мекеме.

Кармалган жаран соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18