17:42, 10 мая 2024, 24.kg

Санкт-Петербургда автобус жүргүнчүлөрү менен Мойка дарыясына кулап түштү

Photo 330178

Санкт-Петербургда автобус ичиндеги жүргүнчүлөрү менен Мойка дарыясына кулап, толугу менен суу астында калды. Бул тууралуу РИА «Новости» билдирди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы алдын ала маалыматтар боюнча, автобустун салонунда 20га жакын адам болгонун билдирди. Коомдук транспорттун айдоочусу кармалып, кылмыш иши козголду.

Айрым жабыркагандарды эс-үчүн жоготкон абалда суудан чыгарып жатышат. Беш адам ооруканага жаткырылып, бирөө каза болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, бир нече унааны сүзүп, көпүрөдөн кулап кеткен. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, куткаруу иштерине 69 адис жана 18 техника тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18