13:16, 10 мая 2024, 24.kg

Кыргызстан жыл сайын 6 миллион көчөт отургузууну пландоодо

БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстандын делегациясы токойлор боюнча форумдун «Үчтүк планетардык кризистин токой чечимдери: адамдарга, илимге, технологияларга жана финансыга көңүл буруу» аттуу 19-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргызстандын тоолуу токойлорунун аярлуулугуна буруп, планетадагы эң чоң жаңгак-мөмө-жемиш массиви — Арсланбабдын уникалдуулугуна өзгөчө басым жасады.

Ал 2023-жылы ишке кирген «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын маанилүүлүгүн, анын алкагында республиканын бардык аймагына 8 миллиондон ашык көчөт отургузулганын белгиледи. Мындан тышкары жыл сайын 6 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын кошумчалады.

Кыргыз тарап БУУнун токойлор боюнча Стратегиялык планынын 2017-2030-жылдарга карата глобалдык максаттарын жана 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга салым катары тоо жана токой экосистемаларын, алардын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

«Ошондой эле Асеин Исаев БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы Паула Нарваез жана БУУнун азыраак өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана өнүгүп келе жаткан кичинекей арал мамлекеттер боюнча жогорку өкүлү Фатима Рабаб менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө климаттык маселелер жана тоо күн тартиби талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

БУУнун Башкы катчысынын климат маселелери боюнча атайын кеңешчиси Селвин Харт менен болгон жолугушууда Асеин Исаев БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө конференциясынын ар жылдык календарында «Тоолор жана климат» жаңы глобалдык диалогун бекитүү жөнүндө Кыргызсатндын демилгеси тууралуу маалымат берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18