13:55, 08 мая 2024, 24.kg

Жеңиш күнү. Бишкекте автобус жана троллейбустардын кыймыл схемасы өзгөртүлдү

Жеңиш күнүнүн 79 жылдыгына карата 8-9-майда борбор калаанын айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 № 36 автобустун жана № 2, № 8 троллейбустардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

№ 36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин каттайт. № 2 жана № 8 троллейбустар Жибек Жолу проспектиси — Лермонтов көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт.

Муниципалдык транспорттор 10-майдан тарта кайра мурунку схема менен жүрө баштайт. Көчөлөрдүн жабылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18