11:47, 08 мая 2024, 24.kg

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гиннестин рекорддор китебине кирди

Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Курбатов Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасында билдирди.

«Бул жаңылыкты Эдуард байке өзү биле элек. Мен билгениме үч эле күн болду. Бирок Эдуард Жумакадырович ротацияга чыгып кеткени үчүн, кайтып келгиче күтүп турайын дедим эле. Азыр байке түшүп келип, базада эс алып жатат. Анда эмесе жаңылык мындай — жакын арада Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Эдуард Кубатов Эверестти 2021-жылы 23-майда багындырган. 2013-жылы 3-февралда альпинисттик экспедициянын курамында Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон.

Эдуард Кубатов Эверестти багындырган экинчи кыргызстандык болуп саналат. Ага чейин 1997-жылы Дмитрий Греков аталган чокуга чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18