12:18, 07 мая 2024, 24.kg

Ата-энесине алимент төлөбөгөндөрдү тогуз айга камоо сунушталууда

Мамлекеттик камсыздоодо турган жана өзүн-өзү камсыздоодо калган, каржылык жардамга муктаж ата-энелерин багуудан качкандарга айып пул салуу же коомдук иштерге тартуу же тогуз айга чейин эркинен ажыратуу сунушталды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

Жаза соттун чечиминин негизинде ата-энесине алимент төлөөгө милдеттүү болгон, жашы жеткен, эмгекке жарамдуу балдарга гана колдонулат.

Бул мыйзам долбоору менен анын демилгечиси депутат Тазабек Икрамов жергиликтүү бийлик органдарына алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылуу боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелердин таламдарын көрсөтүү үчүн ишеним кат берүүгө укук берүүнү сунуштоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18