15:30, 06 мая 2024, 24.kg

Майдын аягында ОшМУнун клиникасында боорду алмаштыруу боюнча операциялар жасалат

ОшМУнун медициналык клиникасында боорду алмаштыруу боюнча алгачкы операцияларды май айынын аягында жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 6-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, дарыгерлер менен жолугушту.

 Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда.

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

«Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кеңештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп белгиледи министрлик.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18