14:50, 06 мая 2024, 24.kg

Ысык-Көл облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 6-майда саат 10:12де Казакстанда МСК-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Кызыл-Жар айылынан түндүк чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан 80 чакырым түндүк чыгышты карай жайгашкан.

Ак-Суу районунун Жыргалаң, Кызыл-Жар, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Нововознесеновка, Боз-Учук, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 баллга чейин, Ак-Суу районунун Сары-Камыш, Теплоключенка, Чоң-Таш, Байзак, Түп районунун Токтоян, Кен-Суу, Качыбек, Отрадное, Тасма, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18