10:08, 06 мая 2024, 24.kg

Сузактагы трагедия. Жабыркагандардын 19у ооруканада жатат

Жерге-Тал айылында манас айтуу конкурсунда жүк ташуучу унаа коюп кеткен балдардын 19у ооруканада жатат. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, он бейтап Бишкекте, алардын үчөөсүнө операция жасалды.

«Алардын абалы туруктуу, орто. Төртөө реанимацияда, калгандары бөлүмдөрдө. Жалал-Абадда тогуз бала ооруканада дарыланып жатат, алардын бешөөсүнүн абалы орто, башкаларынын абалы канааттандырарлык, бирөө ооруканадан чыгарылды. Калгандары консервативдик дарылануудан өтүп жатышат. Маселе көзөмөлдө», — деди саламаттык сактоо министри.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылында жаш манасчылардын сынагы трагедия менен аяктады. Иш-чара жайлоодо өтүп жаткан. Мектеп окуучулары «Манас» эпосунан үзүндү айтып жатканда Porter унаасы өспүрүмдөрдү коюп кетип, 34 адам жабыркаган. Айдоочу үй камагына чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18