11:43, 30 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстанга ЮНИСЕФтин жаңы өкүлү келди

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапа республикага келди. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Photo 329254

Самман Жунг Тапа Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевге дайындоо тууралуу катты тапшырды.

Белгиленгендей, ЮНИСЕФтин жаңы өкүлү социалдык саясатты өнүктүрүү, балдардын укуктарын коргоо жана эл аралык өнүктүрүү жаатында бай тажрыйба жана билимге ээ.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары ал балдардын укуктары жаатында иш алып барып, уюмдун өкмөт, эл аралык коомчулук, жарандык коом жана жеке сектор менен өнөктөштүгүн бекемдөөнү улантат.

Буга чейин Самман Жунг Тапа ЮНИСЕФтин социалдык саясат жана социалдык коргоо боюнча аймактык кеңешчиси болуп иштеп, Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы 20 мамлекетке техникалык жетекчиликти камсыз кылган.

ЮНИСЕФте Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада 16 жылдык тажрыйбасы бар. Жакырчылыкты талдоо, социалдык коргоо тутумун чыңдоо, гуманитардык жардамды жакшыртуу жана социалдык секторду каржылоо маселелери менен алектенген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18