16:26, 29 апреля 2024, 24.kg

2024-жылы Кыргызстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык вирусунан эки ымыркай чарчап калды. Маалыматты 24.kg агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тастыктады.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар бир жашка чыга элек болгондуктан эмдөө алышкан эмес.

Буга чейин маалымдалгандай, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада кызамыктын 7 миң 46 учуру, 2024-жылдын 7-апрелине карата 8 миң 209 учуру катталган. Алардын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түзөт.

Өткөн жылы кызамыктан 1 жаштан 18 жашка чейин 8 бала каза болуп, беш айлык бир наристе чарчап калган.

Саламаттык сактоо министрлигине балдарды кызамыкка каршы эмдөө жана оорунун алдын алуу боюнча ишти күчөтүү тапшырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18