15:57, 29 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстан дзюдо боюнча «Хан Манастын кубогу» турниринде биринчини алды

Бишкекте жаштар жана кыздар арасында дзюдо боюнча «Хан Манас кубогу» аяктады. Бул тууралуу Кыргызстанды Дзюдо федерациясы маалымдады.

Жалпы командалык эсепте биринчи орунду жана башкы кубокту Кыргызстандын курамасы алды. Казакстандын спортчулары күмүш медалга ээ болушту, үчүнчү орунду Өзбекстандын командасы ээледи.

Эржан Канатбеков, Даут Полтушев, Эмирхан Жолдошказиев, Луиза Асакеева, Айша Кыялбекова, Алина Молдокулова, Айдеми Калыева, Акмаржан Турдажиева алтын медал алышты.

Экинчи орунду Нурсултан Шамшиев, Хантенир Жаныкулов, Илья Сухинин, Мырзайым Дүйшөнбекова ээледи.

Арнал Борбашев, Санжар Максатбеков, Нурмухаммед Бакирдинов, Данияр Мелисов, Нуралы уулу Айдар, Нуртилек Рыспеков, Буалима Абдибалиева, Арууке Калыкова, Индира Ералиева коло байгенин ээси болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18