14:31, 29 апреля 2024, 24.kg

Бишкекте баңгизат өндүрүүдө колдонулуучу химиялык заттар көмүлгөн жай аныкталды

Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде мефедрон баңгизатынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттар көмүлгөн жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар алынды. Аталган заттардын бири синтетикалык альфа-пирролидинопентиофенон (альфа- PVP) баңгизаты болсо, калган заттар мефедрондун реагенттери болуп саналат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 килограмм мефедрон өндүрүлмөк, бул 10 миң дозадан ашык, ал эми анын наркы 500 миң долларды түзмөк.

Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18