11:18, 29 апреля 2024, 24.kg

Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жол кырсыгынан эки адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине окурман кабарлап, окуя болгон жерден видео жөнөттү.

Анын айтымында, 29-апрелге караган түнү Daewoo Nexia унаалары кагышкан.

Ошондой эле окурман эки айдоочу тең мас абалда болгонун кошумчалады. Алар жогорку ылдамдыкта бара жатышкан. Айдоочулардын бири рулду башкара албай, экинчи унаа менен кагышкан. Эки айдоочу тең жеринде каза болгон.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18