10:12, 29 апреля 2024, 24.kg

Бишкек шаарында № 216 жаңы автобус каттамы ишке кирди

Бишкек шаарында № 216 жаңы автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Мындан ары ушул эле номурдагы автобус жүрө баштайт.

Акыркы аялдама «Ак-Өргө» жаңы конушунда жана «Аламедин-1» кичи районунда жайгашкан. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен карап турууга болот. Алардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылган.

Photo 329102


«Мындай чара борбордун коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүүнүн алкагында ишке ашууда. Учурда Кытай өлкөсүнөн алынган автобустардын экинчи партиясы келип жатат. Бара-бара бардык кичи маршруттук каттамдар автобустарга алмаштырылат», — деп белгиледи мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18