16:12, 26 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстанда 23,5 миң үй-бүлө ипотекалык турак жайга кезекте турат

Мамлекеттик ипотекалык компанияда үй алууга 23 миң 500 үй-бүлө кезекте турат. Бул тууралуу «Ишеним» фракциясынын жыйынында мекеменин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээембаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жылда МИК 4 миң үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздаган, ага 9 миллиард 600 миллион сом сарпталган. Ал эми компания түптүлгөндөн, тагыраагы 2015-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 9 миң 500 үй-бүлөгө үй берилип, 16 миллиард 200 миллион сом сарпталган.

«Учурда «Социалдык ипотека» категориясы боюнча 2 миң адам, жеңилдетилген ипотека боюнча 16 миң 800 адам, жеткиликтүү ипотека боюнча 4 миң 400 адам кезекте турат», — деди Тилек Жээмбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18