14:58, 26 апреля 2024, 24.kg

«Ала-Тоо» санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

«Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды.

«Ала-Тоо» санаторийи Ысык-Көл районунда жайгашып, 1974-жылы курулган. Анын аянты 24,76 гектарды түзөт. Аймагы көрктөндүрүүгө муктаж. Мындан тышкары, аябай эскиргендиктен коттедждерди бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл.

2023-жылы эс алуу үйү президенттин иш башкармалыгына өткөн. Башкармалык ал жерде миң орундуу жаңы корпустарды курууну пландаштырууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18