12:10, 26 апреля 2024, 24.kg

29 жаштагы жарандын унаасынан баасы 12 миллион сомго жеткен баңгизат табылды

Чүй облусунда 29 жаштагы жаран кармалып, анын унаасынан баасы 12 миллион сомду түзгөн психотроптук зат табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«УКМКнын кызматкерлери эл аралык баңгизат тобунун кылмыштуу аракеттерине бөгөт койду. Манас аэропорту — Бишкек шаары унаа жолунда 29 жаштагы К. уулу А. кармалды. Андан жалпы салмагы 2 килограмм болгон мефедрон синтетикалык баңгизаты табылды. Анын 1 граммы базар баасында 6 миң сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 миллион сомго жетет», — деп билдирди УКМК.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аталган кылмыш үчүн жашы 14 жаштан ашкан адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18