11:29, 26 апреля 2024, 24.kg

Май майрамдары. Калкты тейлөө борборлорунун иш графиги

Санариптик өнүктүрүү министрлиги май майрамдарына жана узак дем алыш күндөрүнө байланыштуу калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн (РАБ) иш графиги жөнүндө маалымат берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, алар штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт:

  • 6-7-8-майда саат 8:00дөн 18: 00гө чейин
  • 10 жана 11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин

Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын даректери:

  • «Глобус-ЖЭБ» кичи КТБсы, Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында.
  • «Азия» кичи КТБсы, Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет).

Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын иштөө графиги:

  • 3-4-7-8-10-11-12 май — иш күндөрү саат 10.00дөн 19.00гө чейин. (түшкү тыныгуу 14.00-15.00);
  • 4-май — иш күнү саат 10.00дөн 18.00гө чейин;
  • 1-2-5-6-9 май — дем алыш күндөрү.

 

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин дем алыш болот. Ошондой эле 9-май расмий дем алыш күн болуп саналат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18