10:48, 26 апреля 2024, 24.kg

Чүй облусунда мектеп окуучусун коюп кеткен айдоочу кармалды

Кечээ окуучу кызды коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Буга чейин интернет айдыңында BMW үлгүсүндөгү автоунаа жол жээги менен бара жатып, окуучуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен видео тараган. ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Перехват» планы жарыяланган. Жол кырсыгы кечээ, 25-апрелде Чүй облусунун Селекция айылында катталган.

Photo 328854

Укук коргоо органдарындагы булак унаа айдоочунун короосунан табылганын, ал эми өзү үйүндө жок болгонун айтты. Бүгүн эртең менен аны Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери таап, милицияга жеткиришкен. Облустук автоинспекциянын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18