09:55, 26 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет

Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Хыдырлы айылында орто мектептин пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат.

Салтанат мамлекет башчыларына кыргыз жана азербайжан тилдеринде төкмө акындардын салам айтуусу менен башталды.

Президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты.

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу кабинетине ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18