16:05, 25 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстанда акыркы үч жылда жол кырсыгынан 2 миңден ашуун адам каза болгон

Акыркы үч жылда жол кырсыгынан 2 миң 342 адам каза болгон. Бул тууралуу президенттин администрациясынын коллегиялык жыйынында кырдаалдык борбордун директору Жолдошбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия боюнча эң жогорку көрсөткүч Тажикстанда катталган — 100 миң калкка 13,9 адам туура келет. Кыргызстан экинчи орунда —100 миң калкка 13,3 адам, Казакстанда 12,2, Өзбекстанда 9,3 адам,ал эми Түркмөнстанда 8 адам — бул эң төмөнкү көрсөткүч.

Жолдошбек Мамбеталиевдин айтымында, акыркы үч жылда өлкө боюнча 21 миң 423 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынын көп катталышынын себептеринин бири — жол шарттарынын начардыгы болуп саналат.

«Үч жылдын ичинде ички иштер органдары Транспорт министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына авариялык-кооптуу жол тилкелеринин канааттандырарлык эмес абалын жоюу боюнча 29 миң 245 тапшырма жөнөткөн. Алардын 10 пайызы гана аткарылган. Ал эми каржылоону талап кылган иш-чаралар келечектеги чыгаша планына киргизилген эмес. Авариялык-кооптуу жол тилкелери боюнча көйгөй жылдан жылга этибарга алынбай келет. Мисалы, атайын чийилген сызыктардын өчүп, көрүнбөй калышы унаалардын кагышуусуна түздөн-түз таасир этет», — деди кырдаалдык борбордун жетекчиси.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18