12:52, 25 апреля 2024, 24.kg

Селдин кесепеттери. Кыргызстанда 1 миң 92 кожолукту суу каптаган

20-апрелден 23-апрелге чейин Кыргызстанда 67 жолу сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунда 29, Жалал-Абадда 18, Баткенде 10, Таласта 4, Чүйдө 4, Ошто 2 жерде сел катталган.

1 миң 92 кожолукту, анын ичинен 264 турак үйдү суу каптаган.

«253 үйдүн абалы канааттандырарлык, 9у капиталдык ремонтко муктаж, 2сү жараксыз абалга келген. Жети социалдык объектини суу каптап, алардын бири жараксыз абалга келген. Жети жылкы, үч ири мүйүздүү мал, жети койду сел агызган», — деди Урматбек Шамырканов.

Анын айтымында, жарандык коргонуу комиссиясы сел жүргөн жерлерде иш алып барууда.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМ тарабынан 23 инженердик техника, 685 куткаруучу жана 29 помпа тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18