12:13, 25 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүүгө багыт алды — Акылбек Жапаров

Президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда экономиканын өсүү темпи 7 пайыздан ашканын билдирди.

Анын айтымында, өсүү темпи 2021-жылы 5,5 пайызды, 2022-жылы 9 пайызды жана 2023-жылы 6,2 пайызды түзгөн.

«Бул экономиканын постковиддик мезгилден жана геосаясий кырдаалдардан кийин адаптация болуп жатканын, туруктуу өнүгүүгө карай баратканын көрсөтүп турат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, 2023-жылы экономиканын бардык секторунда өсүш байкалган: курулуш тармагындагы өндүрүш 10,3 пайызды, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 6,2 пайызды, өнөр жай тармагында 2,7 пайызды, айыл чарбада 0,6 пайызды түзгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, ИДП киши башына дээрлик 2 миң долларды түздү.

«Эл аралык валюта фонду өлкөбүздүн экономикалык өсүш болжолун кайрадан карап чыкты. Ошондой эле Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасына карата жакшы болжол берди», — деди Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18