11:54, 25 апреля 2024, 24.kg

Дүкөндүн сатуучусун сабаган чет өлкөлүк жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди

Дүкөндүн сатуучусун сабап, качып кеткен чет өлкөлүк жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан Бишкектин № 6 кичи районунда белгисиз адам дүкөндүн сатуучусун катуу сабап, качып кеткенин билдиришкен. Окуя видеокамерага түшүп калган. Шектүү катары чет өлкөлүк жаран кармалган.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы белгилегендей, жабырлануучу О.Н. милиция чакырып, белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, кол салган адамдын изине түшкөн.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Шектүү катары 56 жаштагы Г.А. аттуу чет элдик жаран кармалды»,-деп кошумчалашты милициядан.

Photo 328720

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, «Бейбаштык» беренеси экспертизанын жыйынтыгы боюнча оорураак беренеге өзгөртүлүшү мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18