11:21, 25 апреля 2024, 24.kg

Азербайжан-Кыргыз фондунун уставдык капиталы 100 миллион долларга чейин көбөйөт

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 миллион долларга чейин көбөйтүү боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 миллион доллардан 100 миллион долларга чейин көбөйтүү жөнүндө кошумча макулдашууга кол койду.

Photo 328717

Кошумча капиталдаштыруу Кыргызстандагы приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн фонддун финансылык ресурстарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Фонд 2023-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ал агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль, кайра иштетүү, кен казуу жана металлургия, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка секторлор сыяктуу тармактарда өзүн актоочу долбоорлорду каржылайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18