10:28, 25 апреля 2024, 24.kg

Германияда Борбор Азиянын жети жараны терроризмге айыпталууда

Германиянын Федералдык прокуратурасы Борбор Азиянын жети жаранын террордук топ түзгөн жана анын ишине катышкан, ошондой эле «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмуна колдоо көрсөткөн деп айыптады.

Бул тууралуу ведомствонун сайтындагы билдирүүдө айтылат.

Gazeta.uz маалымдагандай, айыпталгандар өткөн жайда Германиянын батышындагы Түндүк Рейн-Вестфалияда кармалып, ошондон бери камакта. Алардын арасында Түркмөнстан менен Кыргызстандын эки, Тажикстандын беш жараны бар. Алар «бири-бирин көптөн бери билишет жана радикалдуу исламды жакташат», — деп белгиледи прокуратура.

Ведомствонун маалыматына ылайык, айыпталуучулар 2022-жылы жазында Украинадан Германияга өтүп, теракт уюштуруу үчүн террордук топ түзүшкөн. Бул үчүн алар ырааттуу жолугуп, чабуул буталарын текшерип, курал-жарак сатып алууга аракет кылышкан. Тартип сакчылары белгилегендей, колго түшүрүү маалында аларда атайын кол салуу планы болгон. Кармалгандар «Ислам мамлекети» террордук тобунун Ооганстандагы «ИМ-Хорасан» уячасынын мүчөлөрү менен да байланышып турушкан.

Топтун бир мүчөсүнөн башка айыпталуучулар «ИМ» үчүн акча чогултуп, 2022-жылдын апрелинен 2023-жылдын майына чейин террористтерге бир нече миң евро которгону да белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18