09:22, 25 апреля 2024, 24.kg

Азербайжан менен кош салык салууну жоюу боюнча келишимге кол коюлду

Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну жоюу, салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга экономика министри Данияр Амангелдиев жана анын азербайжандык кесиптеши Микаил Джаббаров кол койду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан кош салык салууну жоюу боюнча 37 өлкө менен келишим түздү.

Кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуулар республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралат.

«Мындан тышкары, макулдашуулардын негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашкан мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуудан четтөөлөргө же макулдашуулардын жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат», — деп белгиледи мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18