16:38, 24 апреля 2024, 24.kg

Кызыл-Кыянын мэриясына мурдагы балдар поликлиникасынын жер тилкеси кайтарылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя прокуратурасы тарабынан шаардын мэриясында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан мурдагы балдар поликлиникасынын жер тилкеси мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2010-жылы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде мыйзамсыз А.У. аттуу жарандын жеке менчигине сатылып кеткендиги аныкталган.

Прокуратура жогоруда белгиленген сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу боюнча Кызыл-Кыя шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, баардык соттук инстанцияларда толугу менен канааттандырылган.

Кызыл-Кыя шаарынын мэринин атына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, жыйынтыгында баасы 8 миллион 588 миң сомду түзгөн 4 миң 294 чарчы метр жер тилкеси мэриянын менчигине алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18