13:36, 24 апреля 2024, 24.kg

Жалал-Абадда чет өлкөлүк жарандан 3 миң доллар талап кылган шектүү кармалды

УКМК 3 миң доллар опузалап талап кылуу фактысы боюнча кылмыштуу чөйрөнүн активдүү колдоочусу А.Ю. кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Ю. кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүнү убада кылып, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, мүлктүн документтерин алган.

Чет өлкөлүк жаран андан милдеттенмелерин аткарууну жана кыймылсыз мүлктүн документтерин кайтарып берүүнү талап кылган. А.Ю. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, тагыраагы Сузак районунун өзбек калкы жайгашкан аймактагы «положенец» катары тааныштырып, чет өлкөлүк жаранды коркутуп, документтерин кайтарып берүү үчүн кошумча акча талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган А.Ю. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18