12:44, 23 апреля 2024, 24.kg

Жалал-Абад жана Талас облустарында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад жана Талас облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифингде билдирди.

Ал өзгөчө кырдаал режими облустардын бардык аймактарында эмес, сел жүргөн жерлеринде гана киргизилгенин айтты.

Урматбек Шамыркановдун айтымында, жарандык коргонуу күчтөрү селден улам келтирилген материалдык зыянды эсептеп жатат.

Буга чейин Ош облусунда чукул кырдаал режими киргизилген.

Белгилей кетсек, 20-апрелден 22-апрелге чейин Кыргызстанда 30 сел жүрүү фактысы катталган. Бүгүн Жалал-Абад жана Талас облустарында да сел жүрдү. 200дөн ашуун турак үйдү суу каптады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18