10:41, 23 апреля 2024, 24.kg

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат.

«Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат. Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18