09:18, 23 апреля 2024, 24.kg

CAFA чемпионаты (U-18). Кыргыз футболчулары Тажикстан курамасын утту

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы (U-18) CAFA турниринде Тажикстандын командасы менен беттешти. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында Кыз-келиндер футболунун ассциациясы маалымдады.

Экинчи турдагы оюнда кыргызстандык футболчулар 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Алина Гапарова хет-трик жасады.

Белгилей кетсек, биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын командасын уткан.

24-апрелде биздин спортчулар өзбекстандык атаандаштары менен беттешет.

CAFA чемпионаты Тажикстанда өтүп жатат, ал 28-апрелге чейин уланат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18