17:50, 22 апреля 2024, 24.kg

ӨКМдин башчысы өлкөнүн түштүгүндөгү селдин кесепети боюнча комментарий берди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын түштүгүндөгү селдин кесепети боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, акыркы төрт күндөн бери жааган жамгыр оор кесепеттерге алып келди. Ошондой эле министр селден улам бир киши каза болгонун эске салды.

«Бир айдоочу каза болду. Анын унаасындагы жүргүнчүлөрдү куткарууга үлгүрүштү, ичинде бир аял, бир бала жана дагы бир адам болгон. Учурда кырдаал көзөмөлдө», — деди ӨКМ башчысы.

Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында чукул кырдаал режими киргизилген.

Ош жана Жалал-Абад облустарында катуу сел жүрүп, Сузак районунда 50гө жакын короону суу каптады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18