12:47, 22 апреля 2024, 24.kg

УКМК издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалганын билдирди

«Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деп шектелип, издөөдө жүргөн Имамидин Ташов Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Имамидин Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматтта.

Photo 328204

УКМК ал «бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барганын» кошумчалады.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго карата кылмыш иши козголгон. Ал «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деп шектелип, ага издөө жарыяланган. Иш боюнча айыпталуучу катары активист Тилекмат Куренов да өтүп жатат.

УКМК KG Group курулуш компаниясы Бишкекте көп батирлүү алты турак үй курганын кабарлаган. Бирок бул объектилердин бири да тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан пайдаланууга берилген эмес.

Буга чейин социалдык тармактарда Имамидин Ташовдун видео кайрылуусу жарыяланып, анда ал «аны уурдап кетишкенин», мамлекеттин пайдасына которулган 52 миллион сомдон тышкары дагы 100 миллион сом талап кылышканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18