10:14, 22 апреля 2024, 24.kg

Жалал-Абадда 50гө жакын турак үйдүн короосун суу каптады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курук-Сай айылында 45 турак жайдын короосун жана 4 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгына катуу жааган жамгырдын кесепети тууралуу маалымат кечээ, 21-апрелде келип түшкөн.

«Аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты. Мындан сырткары жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдор,сел өтүүчү каналдар, коро-жайлар тазаланууда», — деп белгиледи ӨКМ.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18