14:33, 19 апреля 2024, 24.kg

22-апрелде Бишкекте жылуулук тармактардын тыгыздыгына сыноолор жүргүзүлөт

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы 22-апрелде жылуулук тармактардын тыгыздыгына регламенттик сыноолор жүргүзүлөрүн билдирет.

Жумуштар төмөнкү аймактарда аткарылат:

  • шаардын борборунан түндүктү карай Лев Толстой көчөсү боюнча ЖЭБден баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин (Мадина базары);
  • темир жолду бойлой ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин, Шабдан Баатыр проспектиси боюнча Достевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүн чейин;
  • Чүй проспектиси боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
  • Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектисинен темир жолго чейин;
  • шаардын түштүк жагында (Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолунан Кулатов көчөсүнө чейин).

«Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмары бузулуп, жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан жерледи суу каптап кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Photo 327967

Мекеме жарандарды жана айдоочуларды жолдордо этият болууга чакырат жана жолдордо бузулуулар байкалган учурда дароо «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын диспетчердик кызматына 568558 телефону аркылуу же керектөөчүлөрдү колдоо борборуна 611169, 1980 («Кыргызтелекомдон»), 0557 611166, 0777 611166, 0701611166 номурлары боюнча кайрылууну сунуштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18