14:36, 18 апреля 2024, 24.kg

Депутат Бишкекте кофеканалардын биринде жашыруун казинолор иштеп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов «Кофе и точка» деп аталган жайларда жашыруун казинолор иштеп жатат деген арыздар түшүп жатканын билдирди.

«Бир туугандары, ошол жерде акчасын уттургандар өтө көп. Укук коргоо органдары текшерип, жаап жатат дейбиз, бирок андай эмес экен. Үйлөрүнө чейин уттургандар бар. Ушул жайды иштеткендердин аты-жөнүн аныктап, кандай жоопко тартылганы боюнча ушул жерден угушубуз керек», — деди ал.

Тазабек Икрамов парламенттин вице-спикеринен мыйзамсыз иштеген казинолорду жабуу боюнча тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18