13:51, 18 апреля 2024, 24.kg

Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Кармалгандар күнөөлүү деп табылды

Ысык-Көл райондук соту былтыр жай айында Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин кароону аяктап, өкүм чыгарды.

Эске салсак, 6-августта Бостериде «Золотые пески» пляжында 23 жаштагы Талас облусунун тургуну киши колдуу болгон. Өлкөнүн президенти бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча төрт шектүү кармалган.

Сот иштин бардык жагдайларын карап чыгып, мамлекеттик айыптоону, жабырлануучунун, соттолуучулардын жана күбөлөрдүн тарабын угуп, өкүм чыгарды. Сот төртөөнү тең күнөөлүү деп таап, ар бирин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 15 жылга эркинен ажыратты.

Өкүмдө ошондой эле моралдык зыян катары жабырлануучулардын пайдасына ар биринен 250 миң сомдон, материалдык зыян катары 180 миң сомдон өндүрүү каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18