13:10, 18 апреля 2024, 24.kg

Казакстандагы суу ташкыны. ИИМ 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги суу ташкынынын кесепеттерине туш болгон Казакстанга 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

ИИМ жардам катары биринчи керектелүүчү буюмдарды, дары-дармектерди, желим өтүктөрдү, дизелдик жана электр генераторлорун, үйлөмө кайыктарды, чатырларды, матрацтарды, тамак-аш, жууркан жана жаздыктарды, шейшептерди жөнөттү.



«Казакстан менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», — деп белгиледи министрлик

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18